24.kg
14:03, 16 декабря 2021, 24.kg

Эрбол Султанбаев: Айгүл Жапарова менен Токтобүбү Оргалчанын байланышы жок

«Биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок», — деп билдирди президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев.

Анын айтымында, Айгүл Жапарова «Альянс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке шайланган депутат Токтобүбү Оргалча менен тааныш эмес.

«Конституциялык мыйзамга ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерин саясатташтыруунун, анын үстүнө, чайкоочулук кылуунун кереги жок», — дейт Эрбол Султанбаев.

Белгилей кетсек, Боршайком кечээ мандаттарды бөлүштүрүү боюнча атайын токтомго өзгөртүү киргизди. Ага ылайык Жанар Акаевдин ордуна мандат Токтобүбү Оргалчага берилди.

Токтобүбү Оргалча 1972-жылы Кытайда төрөлүп, 2015-жылы Бишкекте «Шыдыр жол КейДжи» жана «Мега Компани» ишканасын түзгөн.

Эскерте кетсек, «Шыдыр жол КейДжи» ишканасынын автобустары 2020-жылдын октябрь айында митингчилерди ташып, кийин жайында Бишкек шаарында маршруткалар иш таштаган учурда «Үмүт булагы» фонду дал ушул ишкананын автобустары менен элди бекер ташыган.

Белгилей кетсек, «Үмүт булагы» фондун Айгүл Жапарова жетектейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18