24.kg
09:31, 16 декабря 2021, 24.kg

400дөй мигрантка Орусияга кирүүгө 40 жылга тыюу салынды

Москвада 400дөй мигрантка «мыйзамсыз митингге жана мушташтарга катышты» деген айып менен Орусияга 40 жылга кирүүгө тыюу салынды.Бул тууралуу Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын өкүлү Татьяна Дмитриева кабарлады.

«Москвада мындай иштерге катышкан 400дөй кишиге карата административдик чара көрүлдү. Алардын Орусияда жүрүүсүнө каршы чечим чыгып, депортацияланышты. Орусиянын эшиги алар үчүн 40 жылга жабылды», — деди ал.

Анын айтымында, Москвада ушул тапта 1 млн 33 миң мигрант бар, алардын 82% иштейт. Мигранттардын 31 пайызы Өзбекстандан, 26 пайызы Тажикстандан жана 25,4 пайызы Кыргызстандан келгендер.

Быйыл август айында Москва мэри Сергей Собянин Орусиядан 200 мигрант депортацияланганын, 800үнө ар түрдүү берене боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18