24.kg
14:23, 15 декабря 2021, 24.kg

Кыргызстан Франция менен аймактык коопсуздук маселесин талкуулады

2021-жылдын 14-декабрында Париж шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Франциянын тышкы жана европа иштери министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Фредерик Мондолонинин деңгээлинде кезектеги кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бир топ гуманитардык, эконимикалык маселелер менен бирге Борбордук Азиядагы азыркы абал жана Афганстандагы кырдаалдын өнүгүшү боюнча пикир алмашышты.

Аймактык коопсуздук, эл аралык терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана диний экстремизмге каршы туруу жана азыркы учурдун башка коркунучтары жана чакырыктары боюнча пикир алышты.

Белгилей кетсек, Франциянын бир топ саясатчылары Ооганстандагы «Талибан» бийлигине каршылык көрсөткөн тажик тектүү оппозиционер Ахмад Масуддун тарапташтары менен жолугушуу өткөзгөн. Андан сырткары, Эмомали Рахмон менен Эммануэль Макрон дагы жолугушуп, ооган-тажик чек арасындагы ахыбалды талкуулашкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18