24.kg
09:51, 15 декабря 2021, 24.kg

«Омикрон» штаммы Кыргызстанга январь айында келиши мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргызстандыктарга кайрылып жатып, январдын ортосунда Кыргызстанга коронавирустун «омикрон» штаммы келиши мүмкүндүгүн билдирди.

Республикалык штабдан билдиришкендей, Байсалов жарандарды өзгөчө, улгайган жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. ⠀

«Биз январдын орто ченинде коронавирустун жаңы «омикрон» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөө жасатышы керек», — деди Байсалов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18