24.kg
15:11, 14 декабря 2021, 24.kg

18-34 курактагы аялдар, 50дөн өткөн эркектер үй-бүлөлүк зомбулукка көп кабылат

2020-жылы кризистик борборлорго жана башка атайын органдарга үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 10 миң жаран кайрылды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Алардын маалыматында, кайрылгандардын 86 пайызы аялдар, анын 37 пайызы 18-34 жашка чейинки кыз-келиндер.

Эркектер 50 жаштан өткөндөн кийин көбүрөөк зомбулукка кабылышат. Бул куракта аялдар үй-бүлөдө кысымга жана күч колдонууга аз дуушар болот.

ИИМдин маалыматында, 2020-жылы үй-бүлөдо запкы жегендерге 8,6 миң, же өткөн жылга салыштырмалуу 32 пайызга көп коргоо ордери берилген.

Козголгон кылмыш иштерининин саны 2019-жылга салыштырмалуу 1,9 эсеге азайган.

Зомбулуктан жабыр тарткандардын саны өткөн жылы 1425тен 1085ке,же 24 пайызга азайган. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18