24.kg
09:20, 14 декабря 2021, 24.kg

Өзбек министрлиги аялдарды асылуулардан коргоону сунуш кылды

Өзбекстандын Юстиция министрлиги кыз-келиндерди зомбулуктан коргоону күчөтүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты жазды. Атап айтканда, мекеме аялдарга асылуу жана интим сүрөттөр менен видеолорду таратуу үчүн жоопкерчиликке тартууну караштырууда.

Министрлик Өзбекстандагы кыз-келиндер көчөлөрдө, жумушта же окууда асылууга туш болсо, үйлөрүндө жакындарынын же күйөөлөрүнүн зомбулугунан жапа чегерин белгиледи.

Мыйзамда «кимдир бирөөнүн изине түшүү», «артынан түшүү» деген түшүнүк жок болгондуктан кыз-келиндерди коргоонун механизми дагы жок дейт аталган мекеме. Ал эми корголбой калган аялдар коркуу сезимине, депрессияга чалдыгышат.

Расмий маалыматтарга караганда, Өзбекстанда бүгүнкү күндө зордук-зомбулукка кабылган 36 миңге жакын аял коргоо ордерин алышкан. Бирок өлкөдө аялдарды реабилитациялоо жана адаптациялоо боюнча 29 гана борбор бар. Бул зордук-зомбулукка кабылган бардык аялдарды толук камтууга мүмкүндүк бербейт дейт министрлик.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18