24.kg
09:33, 14 декабря 2021, 24.kg

Кыргызстанда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы түзүлдү

Уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кКабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим президенттин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасын» түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казнасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» коомунун түзүүчүсү катары Каржы министрлиги чыгууда.

Ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген. 2022-жылы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» ААКын уставдык капиталынын өлчөмүн 1 млрд сомго чейин жеткирилет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18