24.kg
10:37, 13 декабря 2021, 24.kg

«EXPO 2020» көргөзмөсүнө Акылбек Жапаров менен бир топ ырчылар барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Ал  Дубай шаарындагы «EXPO 2020» көргөзмөсүнө катышат. Андан сырткары, «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.

Акылбек Жапаровдун жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмираты — 2021» туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.

 «EXPO 2020» көргөзмөсүнө кыргыз ырчылары дагы катышат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18