24.kg
09:31, 13 декабря 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 26 кишиден вирус аныкталып, каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда 13-декабря карата коронавирус дагы 26 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 21, Ош облусунда — 1, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 31 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 20, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 4, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгон бейтаптар катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 350 бейтап, амбулатордук түрдө 3486 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 991 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 40 киши айыгып чыкса, 2 миң 766 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18