24.kg
14:53, 10 декабря 2021, 24.kg

Айсулуу Тыныбекова чек арадагы айылдарга барат

Токиодо өткөнОлимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спортчу Баткенде КР президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушат.

Ошондой эле Лейлек районунун Максат айылында мектеп окуучулары менен жолугуп, андан соң Баткен районунун Ак-Сай айылында жаш балбандар үчүн мастер-класс өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Баткен шаарынын жаш спортчулары жана тургундары менен чоң жолугушуу өткөрүлүп, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18