24.kg
09:23, 09 декабря 2021, 24.kg

Мирзиёев Конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады

Өзбекстандын жаңы Конституциясы даярдалып, 2022-жылы-жылы кабыл алынат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев Баш мыйзамдын 29 жылдыгына карата калкка жасаган кайрылуусунда билдирди.

Шавкат Мирзиёевдин айтымында, мурдагы «мамлекет-коом-киши» деген принцип «киши-коом-мамлекет» болуп өзгөрөт; экономикалык жараяндар учурунда элдин кызыкчылыгы башкы критерий катары каралат; жарандык коом институттарынын макамы жана ролу күчөтүлөт; үй-бүлөнү өнүктүрүүгө, улут аралык ынтымакты бекемдөөгө, жаштардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоого көңүл бурулат; «Жаңы Өзбекстан -социалдык мамлекет» принциби бекемделет; балдарды мажбурлап ишке тартууга бөгөт коюлуп, майып жана улгайган кишилердин укуктары корголот; бала бакчаларды, мектептерди, жогорку мектептерди жана илимди өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Мирзиёев 6-ноябрдагы ант берүү салтанаты учурунда «Конституцияны жакшыртуу зарылдыгы» жөнүндө кеп кылып, бирок Баш мыйзамдын кайсы жоболору өзгөртүлөрүн айткан эмес.

Мирзиёев конституциялык реформалар тууралуу жарыялагандан кийин өзбек коомчулугунда президенттик мөөнөт өзгөртүлүшү мүмкүн деген кеп тараган.

Өзбекстандын азыркы Конституциясы боюнча бир киши эки гана мөөнөткө жана беш жылга президент болуп шайлана алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18