24.kg
09:22, 09 декабря 2021, 24.kg

Кыргызстан Казакстандан миң автобус сатып алат

Казакстан 2022-жылы Кыргызстанга Yutong үлгүсүндөгү 1000 автобус жеткирет. Бул тууралуу меморандумга 8-декабрда Кыргызстандан Нур-Султанга барган өкмөттүк делегациянын сапары учуруна кол коюлду.

Казакстан өкмөтү кабарлагандай, Кыргызстан коңшу өлкөдөн электр, газ жана дизель менен жүрө турган миң автобус жана казак өндүрүшүнөн чыккан 100 атайын техника сатып алат. Коомдук транспорт лизинг шартында берилет.

Буга чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров жакын арада Бишкекте 2000 даана автобус жүрө турганын маалымдаган. Буга байланыштуу казак премьер-министри бул долбоорду ишке ашырууга кызыктар экенин билдирген. Ал өлкөдө өндүрүлгөн автобустар үнөмдүүлүгү, коопсуздугу жана бышыктыгы менен айырмалана турганын айткан.

Быйыл Бишкек мэриясы «Эко Пассажирские перевозки» жоопкерчилиги чектелген коому менен 350 автобус сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Бул фирма Өзбекстанда куралган жапониялык ISUZU автобустарын алып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18