24.kg
10:01, 08 декабря 2021, 24.kg

Жогорку Кеңеш энергияны үнөмдөө тууралуу мыйзам долбоорун карайт

Энергияны үнөмдөө боюнча айрым мыйзамдарды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 8-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карала турган маселелердин бири. Долбоордун автору, депутат Экмат Байпакбаевдин белгилешинче, өзгөртүүлөрдүн максаты — энергияны керектөө деңгээлин экономикалык өнүгүүгө зыяны тийбей тургандай жолдор менен төмөндөтүү.

Мыйзам долбоору 2018-жылы иштелип чыга баштаган. Ал энергияны өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө натыйжалуулукту жогорулатууга багытталат. Долбоорду иштеп чыгууга тийиштүү мамлекеттик органдар жана Европа Биримдигинин атайын долбоору жардам берди. Буга чейин коомдук талкуудан жана парламенттин тийиштүү комитеттеринен өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18