24.kg
15:24, 06 декабря 2021, 24.kg

Дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулду

Дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
 
Анын айтымында, 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөнбөйт.
 
«Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турабыз. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз.
Биздин негизги максатыбыз сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу», — дейт Садыр Жапаров.
 
Мындан сырткары, жылдык обороту 8 миллион сомго жетпеген ишкерлерди салыктардын бардык түрүнөн бошоттулат. Алар үчүн Соцфонддун төлөмдөрүн жана киреше салыгын гана төлөшөт.
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18