24.kg
12:04, 06 декабря 2021, 24.kg

Бишкекте жаңы жылдык салют атылбайт

Бишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим экологиялык себептерге байланыштуу кабыл алынды.

«Жыл сайын күз-кыш айларында жылытуу мезгилине жана унаа каражаттарынын күйүүчү-майлоочу майды керектөөсүнүн көбөйүшүнөн улам борбор калаада абанын булганышынын деңгээли жогорку чекке жетет, буга байланыштуу мэрия экологиялык абалды андан ары начарлатууну туура эмес деп эсептейт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, үнөмдөлгөн каражат максаттуу иштерге жумшалмакчы.

Бишкек мэриясы экологияны жана коопсуздукту сактоо максатында шаар тургундарын жаңы жыл майрамында фейерверктерди сатып алуудан жана колдонуудан алыс болууга чакырат

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18