24.kg
11:52, 06 декабря 2021, 24.kg

Мэрия таштандыларды жер астындагы сактоо боюнча пилоттук долбоорун ишке ашырат

Бишкек мэриясы таштандыларды жер алдынан сактоо жана чогултуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында долбоорду ишке киргизүү боюнча тендер жарыяланды. Тендердик табыштамалар 2021-жылдын 17-декабрында, саат 14:00гө чейин берилиши керек.

Бул иштер Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жаткан «Бишкек шаарынын катуу калдыктарын чыгарууну башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул ыкманын аркасында шаар көчөлөрү эстетикалык көрүнүшкө ээ болот.

Ошондой эле таштанды контейнерлеринин жана аймактардын жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө өбөлгө түзөт, тамак-аш калдыктарынын чиришинен эч кандай жыт болбойт. Эң негизгиси, кабыл алуу пункттары мындан ары кароосуз калган жолбун жаныбарлар топтолгон жай болбойт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18