24.kg
10:51, 06 декабря 2021, 24.kg

Онкологиялык оорулар 40 жаштан өткөндөр арасында көп катталат

2020-жылы республикада зыяндуу шишиктер оорусунун 5 миңден ашуун учуру катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, өткөн жылы ооруга чалдыккандардын 54 пайыздан ашыгы аялдар жана 46 пайызга жакыны эркектер. Муну менен катар, беш жыл аралыгында бул көрсөткүчтүн аялдар арасында жогору тенденциясы сакталып калууда.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2020-жылы калктын 100 миңине карата аялдар арасында оорунун 88 учуру, ал эми эркектер арасында 75 учур катталды.

Photo 239650

Графиктен көрүнүп тургандай, 2020-жылы, өмүрүндө биринчи жолу диагноз коюлган зыяндуу шишик оорулары менен ооругандардын эң жогорку үлүшү 60 жаш жана андан улуу курактагылар, аялдар арасында да (47,4 пайыз), ошондой эле эркектер арасында да (57,4. пайыз) белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18