24.kg
10:39, 06 декабря 2021, 24.kg

Нарында жол кырсыгынан эки адам мерт кетти

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык кан жолдун Семиз-Бел айылында катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Кырсыктан бир эркек жана бир аял кишинин каза болгону айтылды. Көз жумгандардын аты-жөнү такталууда.

Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн унаадан чыгарып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине төрт куткаруучу, ИИМ кызматы жана Тез жардам кызматы тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18