24.kg
08:56, 03 декабря 2021, 24.kg

Кыргызстандык спортчу Кышкы Олимпиадага жолдомо алды

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Кытайда өтө турчу XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Спортчуга олимпиадалык жолдомо лыжа спортунун слалом түрүнөн квота иретинде берилген.

Максим Гордеев 26 жашта. Лыжа спорту боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал 2022-жылы Бээжинде өтө турчу Кышкы Олимп оюндарына жолдомого ээ болгон биринчи кыргыз спортчусу болуп калды.

XXIV Кышкы Олимп оюндары 2022-жылы Кытайдын борбор калаасы Бээжинде 4-20-февраль аралыгында өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18