24.kg
09:41, 02 декабря 2021, 24.kg

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Шектүү Чүйдүн тургуну. 2-декабрга караган түнү милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырган.

 

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салган. Алар саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Муну «саясий террор» деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Текебаевге кол салуунун артында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети турат деген сөз тарап, атайын кызмат муну четке каккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18