24.kg
17:35, 30 ноября 2021, 24.kg

Мирзиёев телеканалдардагы ток-шоулорду көзөмөлгө алууну тапшырды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-ноябрда Ташкент шаарынын Шайхантахур районуна иш сапар менен барганда өлкө телеканалдарында көрсөтүлгөн айрым ток-шоулорго сын айтылды.

«Урматтуу президент, сиз маалелерге абдан көңүл буруп жатасыз. Бирок сиздин назарыңызды Sevimli телканалындагы Mahallada duv-duv gap көрсөтүүсүнө буруп коеюн. Бул көрсөтүү толугу менен биздин салт-санаабызга каршы келет. Yor-yor берүүсү да бар. Ал жерде аялдар өзүнө күйөө, эркектер жар издейт. Жакшы эркек аялды өзү эле таап алат», — деген «Нуроний» фондунун төрагасы Рустам Калонов

Kun.uz сайты билдиргендей, Рустам Калоновдун билдирүүсүнөн кийин президент премьер—министрге бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну тапшырган.

Sevimli телеканалындагы Mahallada duv-duv gap ток-шоусунда негизинен үй-бүлөлүк, кээде соцалдык маселелер талкууланат.

Yor-yor ток-шоусу орусиялык «Давай поженимся» көрсөтүүсүнүн аналогу болуп эсептелет.

Буга чейин президенттин кийлигишүүсү менен Өзбекстанда чет өлкөлүк сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салынган. Жеке телеканалдарга сериалдардын ордуна өзбек элинин менталитетине шайкеш келген фильмдерди көрсөтүү буйругу берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18