24.kg
16:43, 29 ноября 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Равшан Жээнбековго добуш бергенин ырастады

Садыр Жапаров Равшан Жээнбековго добуш бергенин ырастады. Бул тууралуу ал социалдык тармакта жазып чыкты.

Президент анын бюллетенин журналисттер сүрөткө тартып аларын эске албагын белгилейт.

«Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, таарынып жатышат. Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө. Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18