24.kg
10:59, 29 ноября 2021, 24.kg

Шайлоо-2021. Төрт партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

«Ата Мекен», «Азаттык», «Улуттар биримдиги» жана Социал-демократтар партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул боюнча алар маалымат жыйында билдиришти.

Партиялар добуштар бурмаланганын айтып, бийликтен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Алардын айтымында, БШК маалыматтык сервери 40 мүнөт өчүп калган.

«Онлайн режиминде бүт дүйнөнүн алдында ушундай одоно бурмалоого барды. Аны коомчулук карап турду. Токтоосуз түрдө шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Борбордук шайлоо комиссиясынын толук курамын, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылабыз. Башка шайлоо өтүшү керек», — деди Мелис Мырзакматов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18