24.kg
17:13, 25 ноября 2021, 24.kg

Ирактан алынып келинген балдар мектеп жана бала бакчага барышууда

Ирактан алынып келинген балдар туугандарынын камкордугуна алынып, үй-бүлөгө берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев Араван районундагы Ирактан кайтып келген балдардын жашоо шарттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан көрсөтүлгөн социалдык, билим берүү жана башка кызматтар менен таанышышты.

Ошондой эле, балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кайтып келген балдар билим алып жаткан билим берүү мекемелеринде болуп, мугалимдер менен аларды адаптациялоо жана окуу процессине киргизүү маселелерин талкуулады.

Учурда бардык балдар камкордук каттоосу менен үй-бүлөдө жашашат. Окуу жылынын башынан бери мекенине келген 50 мектеп жашындагы балдар жалпы билим берүү уюмдарына барышты, 17 мектеп жашына чейинки балдар жашаган жери боюнча бала бакчага жайгаштырылды, 12 жеткинчек камкорчулардын каалоосу боюнча үйдө тарбияланууда.

Март айында Ирактан кыргызстандык аялдардын 79 баласы алынып келинген. Алар алгач Чүй облусунда реаблитациядан өтүшкөн. Алардын апалары балдарын алып чыгып кетүүгө уруксат беришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18