24.kg
17:22, 24 ноября 2021, 24.kg

Үгүткө аралашкан маданият кызматкерлери иштен алынды

Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери кызматтан бошотулуп, айрымдарына сөгүш берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Ош улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Суранчы Жетимишев кызматтан алынып, «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу, Алай райондук маданият үйүнүн директору Эдил Бакаев, Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу өздөрү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Мындан сырткары А.Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалимине, Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин директорунун орун басары Марат Раишовго сөгүш берилди.

Кыргызстандын жогорку бийлиги парламенттик шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартыларын айтып келүүдө. Ушундай жүйө менен буга чейин бир катар чиновниктер кызматтан кеткен.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18