24.kg
11:05, 23 ноября 2021, 24.kg

Картадагы ката. Башкы прокуратуранын эки кызматкерине сөгүш жарыяланды

«Ала-Арча № 1» мамлекеттик резиденциясына илинген картадагы ката үчүн Башкы прокуратуранын бир
катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.
 

Маалыматка караганда, уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Узакбаев жана эл аралык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматов сөгүш алышты.

Андан сырткары, маалымат кызматынын жетекчиси Белек Калыков өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

Белгилей кетсек, 20-ноябрь күнү мамлекеттик резиденцияда Прокурорлордун күнү белгиленген. Анда илинген Кыргызстандын картасында Баткен облусунун аймагы туура эмес көрсөтүлгөн. Ал картанын фонунда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, сыйлыктарды тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18