24.kg
12:05, 19 ноября 2021, 24.kg

Бишкекте Тарых музейи ачылды

кекте Тарых музейи салтанаттуу ачылуу аземи өттү.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Премьер-министринин буйругу менен Мамлекеттик тарых музейи Түркия Республикасынан берилүүчү жардамдын эсебинен оңдоо тапшырмасы берилген. Келишим боюнча Түркия тарап гранттык каражат катары 15 млн АКШ доллар каражатты 3 жыл ичинде бөлүп берүүсү каралган. Жогоруда аталган гранттык каражаттардын 4 млн АКШ доллардан ашыгы Музейдин тегерек-четин жана ага жанаша аймактарын көрктөндүрүү менен фасаддык бөлүгүн оңдоо иштерине сарпталган.

Музейдин ички бөлүгүн реконструкциялоо жана тийиштүү жабдууларды сатып алуу үчүн Турак-жай жана жарандык курулуш департаментине жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнүп берилген.

2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 миллион 650 миң сомду түзгөн.

Мамлекеттик айыптоо Сапар Исаковго «Коррупция» беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен бирге 20 жыл эркинен ажыратууну, ошондой эле мамлекетке 247 миллион сомдон ашык зыян келтиргендиги үчүн айып төлөөнү суранууда. Ошондой эле Мира Карыбаеваны «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сомго айыпка жыгууну талап кылды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18