24.kg
11:02, 19 ноября 2021, 24.kg

Унаа салыгын төлөбөгөндөргө 739 миң сом айып салынды

Рейддин жүрүшүндө унаа салыгын төлөбөгөндөргө жалпы жонунан 739 миң сомдук айып салынган. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлады.

2-сентябрдан 10-ноябрга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен салыкчылар биргелешип, транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо максатында бир жарым миңге чукул рейд өткөргөн.

«Рейддин жүрүшүндө 28 миң автоунаа текшерүүгө алынган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 739 миң сом өлчөмүндө 739 административдик айып салынды», — деп айтылган маалыматта.

Эскерте кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, аны убагында төлөбөгөндөргө 1 миң сом административдик айып каралган. Аталган кызматтан салык төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн туум эсептелерин эскертишти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18