24.kg
18:23, 18 ноября 2021, 24.kg

Европа коронавируска каршы эмделбегендерге чектөөлөрдү киргизди

Германиянын 16 аймагынын жетекчилери жана федералдык бийлик өкүлдөрү 18-ноябрда пандемияга каршы биргелешкен стратегияны талкуулашат. Шаршембиде өлкөдө инфекцияны жугузуп алгандардын күнүмдүк саны дагы бир жолу жогорку чекке жетти. Бир күндө 294 киши COVID-19 илдетинен көз жумду.

Германияда ушу тапта калктын 68% эмделип бүттү. Аймактардын өкмөт башчылары вирустун жайылышын алдын алуу чараларын, чектөөлөрдү, вакцинацияны сүрөө маселелерин талкуулашмакчы.

Ал эми коңшулаш Австрияда эмделбегендер үчүн карантин жарыяланган. Алар жумушка жана эң керектүү товарларды сатып алууга гана чыга алышат.

COVID-19ду токтотуу аракетин Словакия жана Чехия да көрүп жатышат. Эки өлкөдө тең вируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Чех өкмөтү 22-ноябрдан тарта жаңы чектөөлөрдү киргизерин билдирди. Муну менен катар андай чараларга каршы чыккандар 17-ноябрда Прагада акция өткөрүштү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18