24.kg
09:35, 18 ноября 2021, 24.kg

Өзбекстан англист тилин «өтө төмөн» билген өлкөлөрдүн катарында калды

EF English Proficiency Index уюмунун англис тилин билүү боюнча рейтингинде Өзбекстан 122 өлкөнүн ичинен 88-орунга жайгашты. Бул соңку жылдары өлкөнүн англис тилин билүү деңгээли өзгөрүлбөгөнүнөн кабар берет.

Рейтингге ылайык, Албания менен Сириянын ортосунда жайгашкан Өзбекстан англис тилин билүү боюнча эң төмөнкү позициядагы өлкөлөрдүн катарында калды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 96, Кыргызстан 101, Тажикстан 103-орунда турат. Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.

Рейтинг беш категорияга («өтө жогору», «жогору», «орто», «төмөн», «өтө төмөн») бөлүнгөн.

Тизменин башында Нидерланды, Австрия, Дания, Сингапур жана Норвегия турса, аягында Ливия, Руанда, Конго, Түштүк Судан жана Йемен жайгашкан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18