17:55, 17 ноября 2021, 24.kg

Тажикстанда белгилүү блогердин апасына кылмыш иши козголду

Белгилүү тажикстандык блогер Жунайдулло Худоёровдун апасына бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 65 жаштагы Мавжигүл Гарибова Рашт районундагы Яшм айлында жергиликтүү тургунду таш менен башка чабууга айыпталууда.

Аялдын күнөөсү аныкталса, 5тен 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эки апта мурун бейбаштык беренеси менен анын уулу, блогер Жунайдулло Худоёровго да кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучу Алишер Насриддинов Мавжигүл Гарибованын небереси — 21 жаштагы Алиризо Худоёровду өлтүрүүгө шектелген кишинин жакын тууганы. Алиризо 11-июлда айылда чыккан жаңжал учурунда бычактан алган жаракатынан көз жумган.

2018-жылы Жунайдулло Худоёровдун агасы, Тажикстандын Социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Фарход Худоёров район акимчилигинин кызматкерине акарат келтиргени үчүн 15 суткага камалган.

Жунайдулло жана анын агасы Фарход Худоёров жергиликтүү чиновниктердин коррупциялык иштерин дайыма сынга алып келгендиктен куугунтукка кабылып жатышканын айтып келишет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18