14:37, 17 ноября 2021, 24.kg

COVID-19. Кош бойлуу аялдар менен өспүрүмдөрдү эмдөө башталат

Кыргызстанда 16-18 жаштагы өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген айымдарды эмдөө жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 16-ноябрына карата республика боюнча коронавирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи дозасы менен калктын 46 пайызы, экинчи дозасы менен 37 пайызы эмделди.

2021-жылдын 8-ноябрына карата (бир жума мурун) эпидемиологиялык абалды баалоо матрицасына ылайык, Бишкек шаары кызыл зонада, Чүй, Ысык-Көл, Талас облустары сары зонада, ал эми Нарын облусу жана өлкөнүн түштүк аймагы «жашыл зонада» болгон.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына карата Бишкек шаары «кызыл зонадан» «сары зонага» өтүп, өлкөнүн калган бардык облустары «жашыл зонага» кирди, «кызыл» зонада бир дагы аймак жок. Жүргүзүлүп жаткан эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууга оң таасир этүүдө.

Мурдараак маалымдалгандай, 2021-жылдын 12-ноябрында өлкөгө коронавируска каршы «Спутник-Лайт» вакцинасы 200 миң дозада келген, вакцина бир дозалуу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18