09:15, 17 ноября 2021, 24.kg

Бишкекте арзандатылган баада көмүр саткан кошумча жайлар ачылат

Бишкекте көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла турган кошумча жайлар ачылат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Мындай чечим 16-ноябрда иштей баштаган алгачкы сатуу жайында кезек күткөндөр көп болгондугуна байланыштуу кабыл алынган. Бүгүнкү күндө Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде жайгашкан жайда көмүр лимит менен сатылууда. Азырынча бир үй-бүлө эки тонна гана көмүр сатып алат.

Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулар менен жолугушкан учурда өкмөт Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү 3000 сомдон сата баштарын билдирген.

Өлкөдө суук түшкөнү көмүрдүн баасы кескин кымбаттап кетти жана кара отундун тартыштыгы байкалды.

Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 11-ноябрга карата Кыргызстанда көмүрдүн бир тоннасы 5 942,9 сомду түзүп, октябрь айына салыштырмалуу 14,7% кымбаттады.

Көмүр Ош облусунун Ноокат районунда эң кымбат сатылууда (бир тонна үчүн — 10 миң сом). Ал эми Баткенде 9 344,7 сом болсо, Исфанада 8 746,4 сомдон сатылып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18