19:18, 16 ноября 2021, 24.kg

Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан жети киши набыт болду

Бишкек-Ош автожолунда жол кырсыгы катталып, жети адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 16-ноябрда кабарлады.

Кырсык Бишкек-Ош жолунун 661-чакырымында, Кара-Суу районунда болгон. «Камаз», Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia автоунаалары кагышкан. Каза тапкандардын үчөө эркек, төртөө аял. Дагы алты адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, үч бала балдар ооруканасына жаткырылды.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип, каза тапкандардын жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.

Photo 236341

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18