14:27, 15 ноября 2021, 24.kg

Баткенде жаңы курулган «Мадина» шаарчасы таза суусуз калды

Баткенде соңку чек ара чырында курман болгондордун урматына курулган «Мадина» шаарчасы жашоочулары таза суусуз калышты. Бул тууралуу «Убада Баткен» порталы маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 1-ноябрда шаарчадагы таза суу токтоп калган.

«Үйдү салып берген жеке ишкерлерге ыраазыбыз. Бирок өкмөт канализацияны, жылуулукту, үйдүн айланасындагы тосмолорду бүтүрүп берүүнү өз мойнуна алган. Ага акча да бөлүнгөн. Эми ошону сапаттуу, өз убагында бүтүрүп беришсе болмок», — дейт шаарчанын жашоочусу Каныкей Эралиева.

Андан сырткары, «Мадинанын» тургундары канализациянын капкандары сынып жатканын билдиришти.

«Канализацияны курууга 8 млн 681 миң 188 сом коротулшан. Бирок анын люктарынын сапаты талапка жооп бербейт. Натыйжада люктардын капкагы кыска убакытта сына баштаган», — дейт «Убада Баткен».

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18