09:31, 15 ноября 2021, 24.kg

Ташкентте 14 жаштагы кызга асылган мугалим жана анын достору соттолду

Ташкентте 14 жаштагы кызга сексуалдык жактан асылган мугалим жана анын досторуна сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Nemolchi.uz долбоорунун жетекчиси Ирина Матвиенко билдирди.

Окуя быйыл жазында Ташкенттин Мирабад районунда болгон. Мугалим менен анын достору кызга «бөтөлкө» оюнун ойноону сунушташкан. Өспүрүм оюнда жеңилип калгандан кийин эркектер аны менен жыныстык катнашка барууну талап кылышкан.

Ирина Матвиенко билдиргендей, сот отурмунун жыйынтыгында мугалим 4 жылга, анын достору 2 жылга эркинен ажыратылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18