09:30, 15 ноября 2021, 24.kg

Ала-Бука: Кыргыз-өзбек чек арасында эскертүү иретинде ок атылды

14-ноябрда аткезчилер менен чыр-чатак учурунда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары эскертүү иретинде ок атууга аргасыз болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдалды.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жерлигинде Ак-Дөбө айылынын элүү чакты тургуну Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылып жатышканда токтотулган.

Чек арачылардын мал айдап өтүүнү токтотуу талабына алар баш ийген эмес. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде үч жолу ок чыгарышкан.

Окуя болгон жерге Ала-Бука чек ара отрядынын командири жана Аксы райондук ички иштери бөлүмүнүн кызматкерлери келип Ак-Дөбө айылынын жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндөн кийин топтолгондор тарап кетишкен.

Өзбекстан окуя тууралуу расмий комментарий бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18