16:48, 12 ноября 2021, 24.kg

Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Шавкат Мирзиеевдин Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагындагы жолугушуусунда айтылды. 

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку потенциалын колдоо жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары комплекстүү өнүктүрүү максатында өзбек кесиптешин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусун, анын ичинде соода-экономикалык багытта өнүктүрүүдө чоң дараметке ээ экендигин билдирди. Анын пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар.

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз кылып, Өзбекстандын лидери каржылык уюмдун ишмердүүлүгүн өстүрүүгө кызыгуусун билдирди.

Ошондой эле, ал жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын ишке ашуусунун жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алганын билдирди. Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери биргелешкен күн тартибиндеги бардык багыттар боюнча активдүү жана жемиштүү диалогду улантууга даярдыгын билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18