12:42, 12 ноября 2021, 24.kg

Кыргызстандын ЖККУдагы өкүлү алмашты

Эмил Тукаев КР Коргоо министрлигинин Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) ыйгарым укуктуу өкүлү болуп шайланды. Бул тууралуу маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, буйрукка кол коюлду, жакында Тукаев иш сапарга жөнөп кетет.

«Бердибек Асановго байланыштуу бир аз жаңылыштык кетти. Анын талапкерлиги КР Коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген эмес, ага карабастан Москвага сапарга жөнөтүлгөн. Бирок кийин анын адеп-ахлактык жана ишмердик сапаты туура келбегендиктен кайрадан артка жөнөтүлгөн», — деди ал.

Белгилей кетсек, КР ЖККУдагы жаңы өкүлү буга чейин абадан коргонуу боюнча командачынын орун басары кызматын аркалаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18