11:00, 12 ноября 2021, 24.kg

ИИМ Жаныш Бакиевдин сүрөтүн алып салды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Жаныш Бакиевдин сүрөтүн илгени үчүн коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жаныш Бакиевдин сүрөтү адашып илингендиги айтылат.

«Ката оңдолду. Сүрөт алынды», — дейт ИИМ.

Эскерте кетсек, кечээ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеген инсандардын бурчу ачылып, ага мурдакы жетекчилердин сүрөтү илинген. Алардын катарында мурдакы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин сүрөтү дагы коюлган.

Белгилей кетсек, Жаныш Бакиевдин 2013-жылы өмүр бою эркинен ажыратылып, баардык наамдары алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18