18:32, 11 ноября 2021, 24.kg

«Кыргыз темир жолу» өз каражатына 100 чакан вагон сатып алат

«Кыргыз темир жолу» ишканасы өз каражатына Россиянын «Алтай Вагон» ишканасынан 100 даана чакан вагон сатып алмай болду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкекте россиялык компаниялардын көп тармактуу ишкердик миссиясы өтүп жатат. Анын алкагында «Кыргыз темир жолу» РКӨФ жана «Нацпромлизинг» компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

«Ошондой эле Кыргызстандын чарба жүргүзүүчү субъектилеринин жүктөрүн темир жол аркылуу ташуу үчүн «Кыргыз темир жолу» өз каражатынан Россиянын «Алтай Вагон» ААКынан 100 даана чакан (жарым) вагондорун сатып алмай болду. Анын 50сү 2021-жылдын аягына чейин алып келинсе, калганы 2022-жылдын биринчи кварталында келиши күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18