10:57, 11 ноября 2021, 24.kg

Кыргызстанда илимпоздордун 51 пайызын аялдар түзөт

2020 — жылы Кыргыз илимдер академиясында иштегендердин 51 пайызын аялдар түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, академияда илимий ишмердикти 1 миң 283 адам ишке ашырып, алардын ичинен 123 илимдин докторлору жана 258 адам илимдин кандидаттары.

Илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2020-жылы 722 миллион сомду түздү жана 2016-жылга салыштырмалуу 19% га көбөйгөн.

2020—жылы республикада 74 илимий уюм болсо, анын ичинен жогорку билим берүү секторунун үлүшүнө −36%, илимдин өндүрүштүк секторна — 30% жана академиялык сектор уюмуна — 27% туура келди.

2020-жылы аткарылган илимий-техникалык иштердин жалпы көлөмүндө, алардын эң көп саны (68% жакыны) академиялык секторду уюштурууга туура келди.

Кыргызстанда 2,5 миң аспирант бар. Алардын 60 пайызы аялдар. Докторанттардын саны 145 адамды түздү,

Белгилей кетсек, жыл сайын ноябрь айында Кыргызстандын илим күнү белгиленет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18