10:33, 11 ноября 2021, 24.kg

Кыргыз футболчулары Сингапурдун курама командасы менен беттешүү өткөрөт

11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттеш 11-ноябрда Бишкек убактысы менен саат 19:00дө Шарджа шаарындагы «Аль-Хамрия» стадионунда башталат.

Белгилей кетсек, кыргызстандык футболчулар Бахрейн курамасына каршы 16-ноябрда дагы жолдоштук беттеш өткөрөт.

Жолдоштук беттештер 2023-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндарына даярдык көрүү катары өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылкы Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматта өтөт. Азия кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18