13:55, 10 ноября 2021, 24.kg

COVID-19га каршы 1 миллион 16 миң киши эмделди. Президент вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазды.
 
Өлкө башчысы бүгүн COVID-19 46 адамдан аныкталып, үчөө каза болгонун белгилейт.
 
«Дагы бир жолу эмдөөдөн өтүүгө чакырам. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады», — дейт ал.
Photo 235534

 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 3 миң 794 адам өттү, анын ичинен 1 миң 580 биринчи дозаны, 2 миң 214 адам экинчи дозаны алган.
 
Жалпысынан 1 миллион 16 миң 696 адам биринчи дозаны, 790 миң 727 адам экинчи дозаны алды.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18