15:27, 05 ноября 2021, 24.kg

Кыргыз басма сөзүнө жана журналистикасына 97 жыл толду

2021-жылы кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына 97 жыл толду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда басма сөз күнү 7-ноябрда белгиленет.

Майрам өкмөттүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 1924-жылдын ноябрь айында «Эркин-Тоо» улуттук гезитинин кыргыз тилинде биринчи санынын чыгуусунун урматына белгиленген. «Эркин Тоо» гезити 1927-жылы гезит «Кызыл Кыргызстан» деп аталып, 1965-жылы «Советтик Кыргызстан», 1991-жылы эгемендик алгандан кийин гезитттин аталышы «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн.

Кыргызстандагы дагы бир эски басылма — 1925-жылы негизделген жана орус тилинде чыккан «Слово Кыргызстана» гезити. Анын биринчи саны «Батрацкая Правда» деген ат менен жарык көргөн, андан кийин «Крестьянский путь » деп аталат, 1927-жылдан «Советтик Кыргызстан» деп өзгөрөт. Ал эми 1991-жылдын февраль айынан бери гезит «Слово Кыргызстана» деп аталып келет.

Улуттук статистикалык комиттетин билдирүүсүндө, 2021-жылдын башында республиканын аймагында 1 миң 800 ЖМК катталган. Акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 14 пайызга көбөйгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18