12:29, 05 ноября 2021, 24.kg

БШК Кудрет Тайчабаровго чара көрүү сунушун президенттик администрацияга жөнөттү

Борбордук шайлоо комиссиясы «Бишкек» эркин экономикалык аймактын жетекчиси Кудрет Тайчабаровду карындашы, президенттин кеңешчиси, «Ынтымак» партиясынын талапкери Адинай Мариповага үгүт жүргүзүп, шайлоо эрежелерин бузду деп тапты.

Кудрет Тайчабаровго чара көрүү сунушу президенттин администрациясына жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кудрет Тайчабаров 24-октябрда өзүнүн Facebook баракчасына Адинай Мариповага арнап ыр жазган. Анда ал карындашын Жогорку Кеңешке көрүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Адинай Марипова «Ынтымак» партиясынан ат салышууда. Ал президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.

Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери 29-октябрда башталды. Добуш берүү 28-ноябрда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18