17:16, 04 ноября 2021, 24.kg

Чыңгыз Айтматовдун котормочусу Ларс Эрик Бломквист дүйнө салды

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын котормочусу Ларс Эрик Блумквист 79 жашында Стокгольмдо дүйнө салды. Бул тууралуу жазуучунун уулу Элдар Айтматов 24.kg агенттигине билдирди.

«Бул маалыматты жан дүйнөм сыздап кабыл алдым. Мен анын үй-бүлөсү жана жакындары менен бирге кайгыга батып турам. Мен аларга көңүл айтам. Улуу инсандын жаткан жери жайлуу болсун», — дейт Элдар Айтматов.

Photo 235050

Ал Ларс Эрик Бломквист 2020-жылы ЛКыргызстанга келип, Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган адабий иш-чарага катышканын белгилейт.

Белгилей кетсек, Ларс Эрик Бломквист «Бетме-бет», «Ак кеме», «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым Гүлсары», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Кылым карытаар бир күн» аттуу чыгармаларды которгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18