13:45, 04 ноября 2021, 24.kg

АКШда теги казакстандык Сауле Омарова чоң кызматка сунушталды

Ак үй Сауле Омарованы АКШнын Финансы министрлигинин алдындагы Валюталык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындоо сунушун сенатка жолдоду. Бул маалымат президенттин администрациясынын расмий сайтында 2-ноябрда жарык көрдү.

Талапкерлиги өтсө, Омарова 158 жылдык тарыхта бул кызматты башкарган биринчи аял болуп калмакчы. Башкармалык миңден көп ири банктарды көзөмөлдөйт.

Теги казакстандык 55 жаштагы Омарованын талапкерлиги каралып жатканы тууралуу маалымат августта тараган. Бул кабар АКШда талкууларга жем таштап, айрым банктар менен республикачылар анын идеялары өтө радикалдуу деп каршы чыгышкан.

23-сентябрда президент Жо Байден бул кызматка көрсөтүү ниетин билдирген. Омарованын талапкерлиги өтүш үчүн сенаттагы бардык демократтардын колдоосуна ээ болушу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18