11:45, 04 ноября 2021, 24.kg

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт. Күрөш Дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы 3-ноябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта жарым финалда америкалык Кайли Рении Валкерди 8:0 эсебинде жеңип алды. Эми алдыда 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү алтын байге үчүн колумбиялык Татиана Рентериа менен беттешет.

Жарым финалга чейин Айпери Медет кызы эки беттеш өткөрдү. Алгач Эквадор өкүлү Генезис Росангалены (4:0), чейрек финалда индиялык Бипаша Бипашаны жеңип алган эле (4:0).

Бул дүйнө чемпионатында Кыргызстандан дагы бир балбан кыз Назира Марсбек кызы 57 килограмм салмакта күчүн сынайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18