16:20, 03 ноября 2021, 24.kg

Тажикстандык футболчулар биринчи жолу Азия Кубогуна катышат

Тажикстандын Футбол боюнча олимпиадалык курамасы (U-23) өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө катышуу үчүн жолдомо утуп алды. Мелдеш 2022-жылы Өзбекстанда өтөт.

Тажикстан Футбол федерациясы кабарлагандай, Мубин Эргашевдин жетекчилиги алдындагы олимпиадалык курама тандоо турунда өз тайпаларында экинчи орун алган эң мыкты төрт команданын катарына кирген.

«Азия Кубогу — 2022» оюндарынын «В» тобундагы тандоо беттештери 25-31-октябрь аралыгында Душанбеде өткөн. Тажикстандык футболчулар ливандык атаандаштарын (1:0), непал оюнчуларын (6:0) эсебинде жеңип, Иранга 2:3 эсебинде жеңилип калган.

Натыйжада «Азия Кубогу-2022» оюндарынын финалдык бөлүгүнө өз тайпаларында бирин орун алган 11 курама өттү: Катар («А»), Иран («В»), Ирак («С»), Кувейт («D»), Бириккен Араб Эмираттары («Е»), Иордания («F»), Австралия («G»), Түштүк Корея («Н»), Вьетнам («I»), Малайзия («J»), Япония («К»).

Мындан тышкары өз тайпасында экинчи орун алган командалардын мыктылары катары Таиланд, Сауд Арабиясы, Түркмөнстан жана Тажикстан курамалары да Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө жолдомо алышты.

2022-жылы Өзбекстан футбол боюнча 23 жашка чейинки оюнчулардын чемпионатын өткөрөт. Мелдеш 1-19 июнь аралыгында өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18